Бакыт Төрөбаев: Айыл чарбасын механизациялоо - чыгымдарды азайтып, атаандаштыкты күчөтөт
Новость

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Айыл чарба, суу ресурстары жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, агросектордогу механизациянын мааниси тууралуу баса белгиледи.Бул тууралуу ал, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Машина-трактордук станциянын (МТС) расмий ачылыш аземи учурунда айткан.

Министрдин айтымында, айыл чарба тармагы жаңы технологияларды жана заманбап техникаларды кеңири колдонуу менен фермерлердин чыгымдарын кескин кыскартууга жана продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө жетише алат.

“Жаңы техникалар келип жатат. Эң негизгиси – аларды туура колдонуу жана профессионалдуу механизаторлорду даярдоо. Эгер механизатор жакшы болсо, техника эң жакшы иштейт. Бул – атаандаштыкка туруштук берүүнүн ачкычы”, – деди Төрөбаев.

Ал ошондой эле көптөн бери колдонулбай келген щелерез сыяктуу шаймандарды кайрадан фермердик иштерге киргизүү зарылдыгын белгиледи. Бул шайман климат өзгөрүп жаткан шартта кайракы жерлерде нымды топтоого жана жер семиртүүнү жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Министр төмөнкүлөрдү баса белгиледи:

  • кол эмгеги кымбаттап жаткан чакта, фермердин ишин механизациялоо чыгымды азайтат;
  • агротехникалык кызмат көрсөтүү эттин, сүттүн жана тоюттун баасын төмөндөтөт;
  • МТСтердин ишке кириши рынокто баанын төмөндөшүнө алып келет.

“Агротехникалык кызмат көрсөтүүнүн негизги максаты – элдин эмгегин жеңилдетүү, продукциянын өздүк наркын төмөндөтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу. Бул – биздин фермерлер үчүн чоң мүмкүнчүлүк”, – деп жыйынтыктады министр.