Уюшкан кылмыштуулук, коррупция менен күрөшүүдө мамлекетке 300 млрд сом түштү
Новость

5 жылда уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөштөн мамлекетке 300 млрд сом түштү. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда УКМКнын төрөгасы Камчыбек  Ташиев Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Тоң райондук бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөбүздөгү курулуштар уюшкан кылмыштуулук жана  коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражатка курулууда.

“Бул деген – мамлекеттин бюджетинин жарымы кайтарылды дегендик. Бардык жерлерде курулуштар жүрүп жатат. Жолдор, мектептер, ооруканалар, бала бакчалар жана стадиондор курулуп жатат. Мунун баары ушул акчага курулууда”