30 жылда 100 млн, 5 жылда 1 млрд доллар. Кумтөрдүн кирешесиндеги чоң айырма
Новость

Кумтөр алтын кени 30 жылда 100 млн доллар пайда алып келди. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда УКМКнын төрөгасы Камчыбек  Ташиев Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Тоң райондук бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземинде билдирди.

Генералдын айтымында, Кумтөрдөн 30 жылда 100 млн доллар түшсө, 5 жылдын ичинде 1 млрд доллар түшкөн. 

“Президент Садыр Жапаров келгенде эң биринчи Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу тапшырмасын койгон. Биз бир жылдын ичинде аны кайтарып алдык. Натыйжада акыркы беш жылда бир миллиард доллар пайда көрдүк. Ага чейин 30 жыл ичинде болгону 100 миллион эле түшкөн”, — деди Ташиев.