УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Тоң райондук бөлүмчөсүнүн жаңы имаратын ачуу аземинде өлкөдөгү кытай жарандары тууралуу пикир билдирди.
Генералдын айтымында, акыркы убакта коомдо “кытайлар басып кетти”, “баарын ээлеп алды”, “талап-тоноо болуп жатат” деген туура эмес сын-пикирлер көбөйүүдө.
Ташиев белгилегендей, өлкөдө кытай жарандарынын көбөйүшүнө негизги себеп — акыркы жылдары ири долбоорлордун башталышы жана чет мамлекеттердин Кыргызстанга болгон ишеничинин жогорулашы.
“Акыркы эки жылда мамлекетке олуттуу инвестициялар келе баштады. Мисалы, эгер Кыргыз–Кытай темир жолунун курулушу аяктап калса, транзиттен жылына жок дегенде 500 млн доллар түшөт. Темир жолду курууга жумушчулар тартылган. Ошондой эле ири ишканалар жана имараттар тургузулуп жатат”, — деди ал.
Ташиевдин билдиришинче, 20–30 кабаттуу көп кабаттуу үйлөрдү кыска убакытта сапаттуу куруу боюнча тажрыйба Кыргызстанда азырынча жетишсиз.
Ал кошумчалагандай, өлкөгө келген ар бир кытай жараны виза аркылуу мыйзамдуу кирет, ал эми визанын мөөнөтү бүткөндөн кийин тиешелүү органдар аларды өлкөдөн чыгарып турат.
“Кытайлар жер ээлеп алды же өлкөнү басып алган жерлери жок”, — деди Ташиев.