Бишкекте көп кабаттуу үйдүн терезелери боюнча жалган маалыматтарга министрлик жооп берди
Новость

28-ноябрда социалдык тармактарда Бишкек шаарынын Байтик баатыр 1 Е дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн терезелери сапатсыз курулуп жатат деген маалымат тараган. 

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти бул маалыматты төгүндөп, төмөнкүлөрдү билдирди:

Учурда аталган объектте терезелер шахмат формасында курулган, бирок долбоорго өзгөртүүлөр киргизилгендиктен аларды жаңы долбоорго ылайыктоо максатында демонтаждоо иштери жүрүүдө.

Бардык курулуш иштер министрликтин көзөмөлүндө жана долбоорго ылайык жүргүзүлүп жатат. Тынчсыздануунун кереги жок.

Мындан тышкары, 30-сентябрда аталган объектте лабораториялык жана сейсмикалык текшерүүлөр жүргүзүлүп, оң корутунду берилген.

Курулуш министрлиги социалдык тармактын колдонуучуларын курулуш объектилерине байланыштуу маалыматтарды так булактардан бөлүшүүгө чакырат.