"Соцкелишим": 3 жылда 32 миң 226 үй-бүлөгө 3 млрд 398 млн 300 миң сом берилди
Новость

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдан тартып жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук абалдан чыгаруу үчүн “Социалдык келишим” программасы ийгиликтүү ишке ашууда. 

Долбоордун алкагында 3 жылда 32 миң 226 үй-бүлөгө республикалык бюджеттен 3 млрд 400 млн сом берилди. Дагы 3 000 үй-бүлө Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланды. Жалпы 3 жылда 35 миң 226 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү.

Үч жылдын ичинде 35 миң 226 үй-бүлөнүн бизнес-программалары 73,3% - айыл чарба; 13,8% - өндүрүш; 6,7% - соода-сатык жана 6,2% - кызмат көрсөтүү тармактарында каржыланган. 

“Социалдык келишим” долбоорун ишке ашыргандардын 94,2 пайызы же 33 миң 176 үй-бүлө айыл жеринде жашагандар. 221 үй-бүлө ар кандай себептерден улам социалдык контрактты ишке ашыра албай калышкан. Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен "Социалдык келишимдин" алкагында социалдык жардамдын өлчөмү быйылтан тарта 100 миң сомдон 150 миң сомго көбөйтүлдү. Жыл башынан бери социалдык контракты 150 миң сомдон 13 миң 333 аз камсыз жана жакыр үй-бүлөлөр алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

2024-жылдын тартып "Социалдык келишимдин" негизинде социалдык жардамдын катышуучуларына ишкердик демилгелерин андан ары өнүктүрүү үчүн пайызсыз насыя берүү башталган. Катышуучулар пайызсыз кредит алгандан кийин биринчи 3 ай жеңилдик алышат. 2024-жылдын жыйынтыгы менен 105 "Социалдык келишимдин" ийгиликтүү катышуучулары бизнес багыттарын өркүндөтүү максатында пайызсыз кредит алышты.