Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата улуттук спорт түрлөрү боюнча өлкөнүн намысын коргой турган курама команда тандала баштады. Бул тууралуу Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улукбек Өмүрбеков Биринчи радионун эфиринде билдирди.
“Биз адегенде республикалык курама команданы аныктайбыз. Алар көчмөндөр оюндарында намысты коргоп беришет. Улуттук оюндардын түрлөү боюнча тандоо турларын өткөрүп баштадык. Кыргыз күрөш боюнча республикалык чемпионаты өткөрүлдү. 3 салмак ченинда күрөш көчмөндөр оюндарына кирген. Ага жети облустан балбандар катышып, мыктылары тандалып алынды. 7-8-декабрь күндөрү “Алыш” күрөшү боюнча намыс коргоочу спортчуларды тандап алабыз”-деп билдирди ал.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитети кезектеги оюндар Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөрүн жарыялаган. Оюндун ачылышы 31-августта Бишкек шаарында, ал эми жабылыш аземи 6-сентябрда Ысык-Көлдө болору кабарланган. Оюндардын негизги программасы Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт жана ага 89дан ашуун өлкөдөн катышуучулар келери күтүлүүдө.