Нарында ВИЧтин жаңы 18 учуру катталды
Новость

Нарын облусунда СПИД илдетинин биринчи учуру 2005-жылы табылган. Андан бери бул оору менен 316 бейтап катталып, 80 адам каза болгон. Ал эми ушул жылдын 1-декабрына карата жаңы 18 учур жаңы табылса, үч учур чет элдик жарандардан аныкталган. 

Оору алып жүргөндөрдүн 64,3 пайызы эркектер болсо, 36 пайызы аялдар.

Нарын облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана АИВди көзөмөлдөө борборунун көчмө мобилдик клиникасы август айынан баштап Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор жана Нарын райондорун кыдырып, 6 миң 486 адамды профилактикалык кароодон өткөрүшүп, ВИЧ-инфекциясына, сарык ооруларынын “В”,”С” түрлөрүнө жана жыныстык жол менен жугуучу ооруларга экспресс тест  жүргүзүштү. Алардын арасынан ВИЧ-инфекциясы табылган жок. Ал эми 54 адамдан вирустук гепатит “В”, 44 адамдан вирустук гепатит “С”, 6 адамдан сифилис оорусу аныкталып, инфекционист, кожвенеролог дарыгерлерине жиберилди.

Мобилдик клиниканын курамында үй-бүлөлүк дарыгер, акушер-гинеколог, маммолог, УЗИ дарыгери жана лаборант иш алып барып, кеп-кеңештер берилип, дары-дармектер жазып беришти.