Министрлик пестициддер жана агрохимикаттардын электрондук каталогун иштеп чыгууда
Новость

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо процессин санариптештирүүгө багытталган электрондук маалымат системасын түзүү иштери жүрүп жатканын маалымдайт.

Система колдонууга уруксат берилген каражаттар боюнча маалыматтарды бирдиктүү каталогго чогултууну, алардын эсепке алынуусун жана байкоого алынышын камсыздайт.

Электрондук каталог ФАО жана ГЭФтин «Пестициддердин жашоо циклин башкаруу жана ТОК-пестициддерин жок кылуу» долбоорунун алкагында иштелүүдө. Платформа мамлекеттик органдар, жеткирүүчүлөр жана айыл чарба өндүрүүчүлөр үчүн жеткиликтүү маалыматтык мейкиндикти түзүп, көзөмөл жана мониторинг системасын жаңыртууга көмөктөшөт.

Учурда акыркы 10 жыл ичинде катталган пестициддер жана агрохимикаттардын бардыгы маалымат базасына киргизилип, толук жана жаңыланган реестр түзүлүүдө.

Электрондук каталогдун негизги артыкчылыктары:

- жеткирүүчүлөрдүн иш процессин бирдиктүү санариптик платформа аркылуу жөнөкөйлөтүү;

- каттоо жана документтерди текшерүү процесстерин автоматташтыруу;

-маалыматтын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;

- мамлекеттик адистердин ишин оптималдаштыруу жана кагаз жумуштарын кыскартуу;

- пестициддердин жашоо циклин толук көзөмөлдөө — каттоодон сактоого чейин;

-туура эмес колдонууга байланышкан экологиялык жана саламаттык тобокелдиктерин азайтуу.

Электрондук платформаны ишке киргизүү агрохимикаттарды коопсуз колдонуу, мамлекеттик көзөмөлдү жакшыртуу жана агрардык өндүрүштүн сапатын жогорулатуу боюнча маанилүү кадам болуп саналат.