Кыргыз–кытай кызматташуусу: Айыл чарба продукцияларынын экспорту кеңейтилүүдө
Новость

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн Кытай Эл Республикасынын рыногуна экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган иштердин жүрүп жатканы жөнүндө билдирет.

Кыргыз Республикасы ветеринардык-санитардык талаптар жана инспекциялык көзөмөл тартиби боюнча беш жаңы протоколду даярдоо жана макулдашуу процесстерин баштады. Бул документтердин кол коюлушу кыргыз продукциясынын КЭР рыногунун кошумча сегменттерине чыгышына жол ачат.

Сөз төмөнкү товар түрлөрү жөнүндө жүрөт:

  • термикалык иштетилген уй эти жана уйдун азыктык ички органдары;
  • термикалык иштетилген майда мүйүздүү малдын эти жана анын азыктык ички органдары;
  • муздатылган жылкы эти жана жылкынын ички органдары;
  • жылкынын терилери;
  • жылкы тукумундагы тирүү мал.


Аталган беш протоколдун кабыл алынышы Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын бир топ кеңейтүүгө, ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле Кытай рыногуна чыгарылуучу товар түрлөрүн диверсификациялоого мүмкүндүк түзөт.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасына 32ден ашуун айыл чарба жана азык-түлүк продукцияларын экспорттоого укук алган. Аларга бал, буурчак, жаңгак, сүт азыктары, балык, жүн жана башка товарлар кирет. Экспорттук тизмектин кеңейиши кытайлык көзөмөл органдарынын ишениминин жогору экенин жана кыргыз продукциясынын эл аралык сапат жана коопсуздук стандарттарына шайкеш келерин тастыктайт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ички экспорттоочуларды колдоо боюнча системалуу иш алып барууда. Анын ичинде кытай инспекцияларынан өтүүдө ишканаларды коштоп жүрүү, консультациялык жардам көрсөтүү, ветеринардык-санитардык талаптарды аткарууга көмөктөшүү жана жаңы товардык позицияларды КЭР рыногуна илгерилетүү боюнча иштер жүрүп жатат.