Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам өлкөнүн бир катар аймактарында кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жана жол тейлөө иштери уланууда.
8-декабрь, саат 09:30га карата Бишкек–Ош трассасындагы Төө-Ашуу ашуусунда жана Суусамыр–Талас–Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Жол ачык.
Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун Долон ашуусунда жана Бишкек–Ош жолунун Ала-Бел ашуусунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.
Жол тейлөө кызматтары бөлүнгөн аймактарды толук көзөмөлгө алып, атайын кезметтердин негизинде жол тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Министрлик айдоочуларды кандай кырдаал болбосун каршы тилкеге чыкпоого, жол эрежелерин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн өз убагында кышкыга алмаштырууга чакырат.