Каракчылыкка, аткезчиликке жана 2014-жылдагы киши өлтүрүүгө тиешеси бар деп эсептелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы “Муса” каймана аты менен белгилүү жаран 2012-жылдан бери ишкерлерден акча талап кылуу, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында тоноо жана каракчылык жасоо менен алектенген туруктуу кылмыштуу топ түзгөнүн аныктады.
Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренеси (кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу) боюнча кылмыш ишин козгоду.
Ыкчам маалыматтарга ылайык, аталган топ Баткен облусу аркылуу Тажикстанга эл керектөөчү товарларды аткезчилик жолу менен ташууга, баңгизаттарды жана уурдалган автоунааларды өткөрүүгө да катышы бар экени аныкталган.
Бишкек шаарында жүргүзүлгөн атайын иш-чарада 1977-жылы туулган “Муса” кармалып, аны тинтүү учурунда 6 патрону менен колго жасалган револьвер жана ак порошок түрүндөгү баңгизат табылды. Ал мурда каракчылык, ден соолукка оор зыян келтирүү жана опузалоо фактылары боюнча бир нече жолу соттолгон.
Тергөө алкагында топтун башка мүчөлөрү да кармалды:
- 1984-жылы туулган К.Ы. — буга чейин каракчылык, опузалоо жана тоноо боюнча бир нече жолу жоопко тартылган. Тинтүүдө Ф-1 гранатасы жана 8 грамм өсүмдүк тектүү баңгизат алынды.
- 1992-жылы туулган О.А. — мурда адам уурдоо, ден соолукка зыян келтирүү жана мүлктү жок кылуу боюнча соттолгон. Үйүнөн кесилген мылтык, 4 грамм гашиш жана кастет табылган.
ИИМдин маалыматына караганда, бул адамдар Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна кирип, “Дженго” каймана аты менен белгилүү Кадырбек Досонов менен түз байланышы болгон. Алар уурулук идеологиясын жайылтып, өзгөчө мыкаачылыгы менен айырмаланып келишкени белгиленди.
Тергөөдө алынган маалыматтар кармалгандардын 2014-жылы Баткен шаарында жеке ишкерге кол салуу жана өлтүрүү фактысына тиешеси болушу мүмкүн экенин да көрсөтүүдө.
Белгилүү болгондой, 2014-жылдын ноябрында белгисиз адамдар Баткен шаарындагы турак үйгө кирип, эки жаранга бычак менен кол салып, акча талап кылышкан. Жабырлануучулар оор абалда ооруканага жеткирилген, алардын бири алган жаракаттарынан улам көз жумган.
Учурда кармалгандарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулуп, тергөө амалдары уланууда.