Баасы 6940 сом: “Тушоо кесүү” күмүш коллециялык монета жүгүртүүгө чыкты.
Новость

Улуттук банк кезектеги коллециялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды. 

Бутуна байланган ийрилген жиптин үзүгү менен өз алдынча биринчи кадамдарын жасап жаткан баланын сүрөтү монетанын негизги сюжети болуп саналат. Анын сол жагында ата-энеси, оң жагында боз үй жана тушоо кесүү ырымына арналган жарышта чуркап келе жаткан балдар чагылдырылган. 

Монетанын жогору жагында “Тушоо кесүү” жазуусу түшүрүлгөн. 

Сол жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана монетанын салмагы (28,28 g), оң жагында “10 сом” номиналы көрсөтүлгөн.  

Монетанын арткы бетинде ийрилген жип (аркан) менен курчалган Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн, анын жогорку бөлүгүндө бутунда бекем жана ишенимдүү турган, калпак кийген канаттуу баланын стилдештирилген сүрөтү жайгашкан.

Монетаны тегерете “Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары” деген жазуу түшүрүлгөн. Төмөнкү бөлүгүндө монетанын чыгарылган жылы (2025) көрсөтүлгөн.

Монета  Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 6 940,00 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин сатылууда.