Өлкөдө азык-түлүк баалары өзгөрдү: Эмне кымбаттады, эмне арзандады?
Новость

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Республикада жана чет өлкөлөрдө (Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы) азык-түлүккө (нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы ж.б.) болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүздү. 

Ага ылайык, өлкөдө макарон азыктары (спагетти жана вермишель) 3,1 %, баш пияз (репчатый лук) 2,8%, картошка 1,5 %, 1 сорттогу буудай унунан жасалган нан 1,5%, 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) 1,3%, жумуртка 1,2 %, каймак май (туздалбаган, 72 % аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) 0,9%, макарон азыктары (рожки) 0,7%, нан азыктары (тандыр нан) 0,7%, тазаланган өсүмдүк күн карама майы 0,3%, пастерленген 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт 0,1%, 1-сорттогу буудай уну (импорттолгон) 0,1% га жогоруласа, ал эми сабиз 6,2%, күрүч 0,2%, кумшекер 0,2% га төмөндөгөнү байкалды.

Ал эми  коңшу өлкө Казакстанда картошка 1,2%, сабиз 3,8%, уй эти 3,8% га жогоруласа, ал эми кум-шекер 6,1% га төмөндөгөнү байкалды. 

Россиядагы бааларды алсак, 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө) 11,5%, баш пияз 3,2%, уй эти 3,1%, каймак май (туздалбаган, 72 % аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) 2,8%, тазаланган өсүмдүк күн карама майы 2,7%, 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) 2,5%, сабиз 2,3%, картошка 2,4%, жумуртка 2,2%, макарон азыктары (вермишель) 3%, кой эти 2%, күрүч 1,8%, кум-шекер 1,8% га жогорулаган.