Бишкекте президенттин катышуусундагы «Мурас» достук мелдеши өтөт
Новость

13-14-декабрь күндөрү өлкөнүн ар кыл тармактарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн 16 команданын катышуусу менен «Мурас» салттуу достук мелдеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Белгилей кетсек, мелдеш 2022-жылы Кыргыз футбол биримдиги тарабынан демилгеленип, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров тарабынан колдоого алынган. Салтка айланган бул достук мелдеши тогузунчу жолу ойнотулат. Мелдештин учурдагы чемпиону – «Ден соолук» командасы. 

Мелдеште «Президенттин командасы», «Аймактар», «Билим», «Ден соолук», «Динамо», «Достук», «Журналистер», «Коопсуздук», «Көзөмөл», «Өнөр», «Спорт чеберлери», «Фемида», «Ыйман», «Элчилер», «Иш башкармасы», «Юстиция» командалары күч сынашат. 

Турнир Бишкек шаарынын Кыргыз футбол биримдигинин спорткомплексинде жана «Газпром балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында өткөрүлөт. Мелдештин оюндарын УТРК Спорт жана ЭлТР телеканалдары түз алып берет. 

Кыргыз футбол биримдиги футбол жана футзал күйөрмандарын аталган мелдештин оюндарына күбө болууга чакырат! Оюндар саат 9:00до башталат.

Мелдеш Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен тыгыз кызматташуусунда уюштурулат. 

Бул турнирдин негизги максаты - өлкөдө спортту өнүктүрүү жана сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат. Андан сырткары, мелдеш өлкөбүздүн коомчулугунун ар кандай чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара кызматташтыкты жана өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталат. Турнир Кыргыз Республикасынын Президентинин «2024–2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын жоболорун ишке ашыруунун жакшы мисалдарынын бири болуп саналат.