Бүгүн,10-декабрда Ысык-Кѳл облусунун Ак-Суу районунда алдын ала маалымат боюнча, Каракол — Эңилчек унаа жолунун болжол менен 82-чакырымында 3 жерден кар көчкү түшүп, унаа жол убактылуу жабылган (көлөмү такталууда).
Жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө №11 ЖТИден 2 кызматкер, 2 бульдозер тартылган. Кошумча маалымат берилет.