Социалдык кампаларда көмүр арзандатылган баада сатылууда
Новость

“Кыргызкөмүр” ААК мамлекеттик ишканасы жергиликтүү кеңештер менен биргеликте жалпы 138 социалдык көмүр кампасын ачты. Учурда  социалдык кампаларда 18 миң тоннага жакын көмүр камдалып турат. Бул тууралуу ишкананын директорунун орун басары Рустамбек Садыралиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, социалдык кампаларда көмүр базардагыдан кыйла арзан баада сатылууда.

“Бишкектеги социалдык кампаларда Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 5 миң 800 сом турат. Ал эми облустарда жана аймактарда баалар ар башка. Быйыл, 2025-жылдын башынан бери “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы 1 млн 209 миң тонна көмүр өндүрдүк. Учурда бул көмүрдү өз кардарларыбызга жеткирип жатабыз”, — деди Садыралиев.