Көмүр ташууга QR-көзөмөл: "Кыргыз көмүр" жаңы системаны ишке киргизди
Новость

“Кыргыз көмүр” ААК мамлекеттик ишканасы көмүр ташыган айдоочуларды көзөмөлдөөнүн жаңы ыкмасын ишке киргизди. Бул тууралуу Биринчи радионун түз эфиринде ишкананын директорунун орун басары Рустам Садыралиев билдирди.

Анын айтымында, жаңы система аркылуу айдоочунун көмүрдү социалдык кампаларга жеткирген-жеткирбегенин онлайн көзөмөлдөөгө болот. Тагыраагы, унааларга QR-код орнотулган, ал көмүр тиешелүү социалдык кампаларга түшүрүлгөнгө чейин өчпөй турат.

Бул ыкма айдоочулардын жолдо көмүрдү мыйзамсыз сатып жиберүүсүнө бөгөт коюу максатын көздөйт.