Нарында 45 сантиметрге чейин кар түштү
Новость

Нарын облусунун бардык аймактарында кар жаап жатат. 

Аймактар боюнча:

Кочкор районунда – 10-12 см;

Жумгалда – 20-25 см; 

Ат-Башыда – 30 см; 

Нарын районунда – 30 см;

Ак-Талаа – 20-25 саниметр кар түштү. 

Ошондой эле Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды-Май-Босого жолунда кардын калыңдыгы 45 сантиметрге жеткенин Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнөн билдиришти. 

Бөлүмдүн башкы адиси Канат Кыдырбаевдин айтымында, облус аймагындагы бардык унаа жолдордо кар тазалоочу техникалар жана автогрейдерлер иштеп жатат. Жолдордун тайгак тилкелеринде жана ашуу белдеринде жолчулар кезметте иш алып барууда. Ал белгилегендей жолчулар түнү менен туз, кум шагыл аралашмасын чачып иштеп жатышат. Жолдордо каттам бар. 

Ал эми Бишкек-Нарын -Торугарт жолунун Сары-Булак аймагынан Оттук айылына чейин оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө кирген чектөөлөр алына элек. Жол кардан тазаланып, кеңейтилип инерттик материал чачылган соң каттам берилет.