Бакыт Төрөбаев: “Айыл чарба тармагын дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү секторго айландыруу – негизги максат”
Новость

Министр Бакыт Төрөбаев президент Садыр Жапаровдун “Жаңы Кыргызстанды куруу” саясатынын алкагында айыл чарба тармагын органикалык, инновациялык жана дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү секторго айландыруу – Министрликтин негизги максаты экенин баса белгиледи. Мындай пикирди ал бүгүн Аламүдүн районундагы Байтик айылында көп функционалдуу агроөнөр жай комплексинин пайдубалын түптөө аземинде билдирди.  

Министр Төрөбаев бул долбоорду кыргызстандык жана кореялык ишкерлердин ортосундагы ишенимдин жана стратегиялык кызматташуунун символу катары атап, келечекте дагы сапаттуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга толук шарт түзүлөрүн айтты.

Долбоор алкагында:

  • этти кайра иштетүүчү заманбап ишкана,
  • аны сырьё менен туруктуу камсыз кылуу үчүн 5 000 башка ылайыкталган ири “feedlot” комплекси,
  • ошондой эле 50 гектар аянтта интенсивдүү багбанчылык паркы – “Кыргызстан–Өзбекстан Достук багы” курулууда.

“Достук багы” долбооруна 500 миң доллардык инвестиция каралып, заманбап багбанчылык технологиялары колдонулат.

Министр Төрөбаевдин айтымында, бул долбоор айыл жеринде жаңы жумуш орундарын түзүп, региондун жана өлкөнүн экономикасына түздөн-түз салым кошот.