Кыргыздын максымы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилди
Новость

Кыргыздын улуттук суусундугу — максым ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине расмий кирди. Бул чечим 2025-жылдын 10-декабрында Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча Өкмөттөр аралык комитетинин 20-сессиясында кабыл алынды.

Комитет кыргыз элинин “Максым жасоо ыкмасы жана салттык билимин” адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдүү тизмесине бир добуштан кошту.

Максым боюнча сунуштама төрт жыл даярдалып, 2023-жылы ЮНЕСКОнун катчылыгына тапшырылган. Эл аралык эксперттерден оң корутунду алынгандан кийин, акыркы чечим сессияда бекитилди.

2025-жылы Комитет жалпысынан 68 мурастык элементти карап жатат. Алардын арасында Япониянын колго жасалган кагазы, Индиянын Дивали майрамы, Египеттин кошари тамагы жана Швейцариянын йоделинг ырдоосу да бар.

Кыргызстандын атынан буга чейин ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине 16 элемент киргизилген. Алардын ичинде “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпикалык үчилтиги, ала кийиз жана шырдак жасоо өнөрү, “Көк бөрү” салттуу ат оюну, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана башка элементтер бар.