Бүгүн Аламүдүн районунун Байтик айылында көп функционалдуу агроөнөр жай комплексинин курулушун баштоонун символу болгон капсула салуу аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышып, долбоордун өлкө үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Министр белгилегендей, бул ири долбоор Президент Садыр Жапаровдун айыл чарбасын колдоо жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө боюнча саясатынын алкагында ишке ашырылууда.
12 миллион долларлык инвестиция менен курула турган көп функционалдуу агроөнөр жай комплекси “Кыргыз Агрохолдинг” ААК жана Түштүк Кореянын “DOD Company” компаниясы менен түзүлгөн Инвестициялык келишимдин негизинде ишке ашууда. Министр Төрөбаев Кореялык компанияга терең ыраазычылык билдирип, муну Кыргызстан үчүн олуттуу өнөктөштүк деп баалады.
Долбоордун алкагында дүйнөлүк рынокто кеңири колдонулган -35°С шоктук тоңдуруу технологиясы киргизилет. Бул ыкма эттин табигый түзүлүшүн жана сапатын толук сактоого, кошумча затсыз узак мөөнөткө сактоого, салмагын жана түсүн өзгөртпөөгө мүмкүнчүлүк берет. Мындай стандарттар Түштүк Корея, Япония сыяктуу жогорку талаптагы рынокторго толук шайкеш келет.
Министр бул комплекс Кыргызстанда эт өндүрүшүн дүйнөлүк деңгээлге чыгарууга жол ачаарын баса белгиледи.