Конституциялык сот: “Өлүм жазасын” киргизүү конституцияга ылайык келбейт
Новость

Кечээ, 10-декабрда Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна корутунду берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасын карап чыкты. Долбоордо балдарды зордуктоо, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн өлүм жазасын колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Конституциялык сот Конституция менен жүктөлгөн өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда, сунушталып жаткан өзгөртүүнүн конституциялык түзүлүштүн негиздерине, анын түпкүрүндө турган адамдын укуктары менен эркиндиктерине жана мамлекеттин демократиялык мүнөзүнө тийгизген таасирин Баш мыйзамга бүтүн система катары шайкештигин баалап чыкты. Ошондой эле, Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдерден келип чыккан милдеттенмелерге дал келишине өзгөчө көңүл бурду.

Конституциялык сот Конституция адам укуктарын эң жогорку баалуулук катары бекемдеп, аларды камсыздоонун кепилдиктер системасы конституциялык түзүлүштүн пайдубалын түзөөрүн, Баш Мыйзамга жол берилген өзгөртүүлөрдүн чектерин алдын ала аныктай турганын белгиледи. Андыктан Конституциялык сот фундаменталдык укуктар жагында Баш Мыйзамга кандай болбосун өзгөртүү, алардын системалык мүнөзүн жана инсанды коргоонун конституциялык моделинин иштеши үчүн мүмкүн болуучу кесепеттерин эске алууну талап кылаарын баса белгиледи. Укуктарды жана эркиндиктерди коргоонун деңгээлинин төмөндөшүнө жол берилбестигине (non-regress) өзгөчө көңүл бурулушу керек, анткени алардын туруктуулугу жана ырааттуулугу конституциялык жактан бекемделген адамдын артыкчылыгынын жана кадыр-баркынын мазмунун түзөт.

Бул контекстте Конституциялык сот өлүм жазасына тыюу салуу жана жашоого болгон укуктун артыкчылыктуу маанисин таануу ченемдик гана эмес, ошондой эле фундаменталдык баалуулук өлчөмүнө ээ деп эсептейт. Алар мамлекеттин жана элдин бул жаза чарасын колдонууну жокко чыгарган укуктук режимди тандоосун чагылдырат. Жашоого болгон укук жана өлүм жазасына тыюу салуу кылмыш-жаза саясатынын, сот адилеттигинин мазмунунун, укук коргоо органдарынын жана пенитенциардык системанын ишинин стандарттарын белгилеген система түзүүчү принциптер болуп кызмат кылат.

Конституциялык түзөтүү аркылуу өлүм жазасын калыбына келтирүү бул стандарттардан баш тартууну, укуктук өнүгүүнүн ырааттуулугун үзгүлтүккө учуроосун, инсандын кадыр-баркынын артыкчылыгына жана анын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиктерин бекемдөөгө багытталган конституциялык вектордон четтөөнү билдирет.

Конституциялык сот ошондой эле каралып жаткан маселенин эл аралык-укуктук өлчөмүн да белгиледи. Кыргыз Республикасынын Конституциясы эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери өлкөнүн укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат деп белгилөө менен, улуттук деңгээлде чечимдерди кабыл алууда тиешелүү эл аралык милдеттенмелерди сактоо зарылдыгын болжолдойт.

Эл аралык келишимдер укугу жөнүндө Вена конвенциясына ылайык, мамлекет келишимди аткарбоону актоо үчүн өзүнүн ички укугунун жоболоруна таяна албайт, ал эми анын аракетин кыскартуу же токтото туруу так аныкталган учурларда гана мүмкүн.

Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын экинчи Факультативдик протоколу өлүм жазасын толук жана биротоло жоюуну максат кылат жана денонсациялоо механизми каралган эмес. Бул, Протоколго кошулуу менен мамлекет өлүм жазасын кайра киргизбөө жана эч кандай шартта ага кайрылбоо боюнча мөөнөтсүз милдеттенме алды дегенди билдирет. Мындай шарттарда ички укукка өлүм жазасын киргизүү Кыргыз Республикасын өзүнүн келишимдик милдеттенмелерин бузган мамлекеттин абалына алып келет, бул конституциялык жактан бекитилген эл аралык укукту таануу жана эл аралык келишимдерди ак ниеттүүлүк менен аткаруу принциптерине туура келбейт.

Конституциялык жана эл аралык-укуктук аргументтердин жыйындысынан алганда, Конституциялык сот өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Конституцияга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук мааниде мүмкүн эмес деген тыянакка келди.

Демек, “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору референдумга чыгарылышы мүмкүн эмес жана аны кабыл алуу демилгесин ишке ашыруу боюнча бардык жол-жоболор Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Корутундусу күчүнө кирген учурдан тартып токтотулууга жатат.