2026-жылдан тарта Жогорку Кеңеште жаңы система ишке кирет. Регламентке ылайык, депутаттар каттоодон өтүүдө жана добуш берүүдө манжа изи аркылуу аныктала баштайт.
Учурда жаңы системаны ишке ашыруу үчүн зарыл техникалык жана уюштуруучулук даярдыктар жүрүүдө.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин имараты оңдолуп-түзөлгөндө жыйындар залына гранттын негизинде жаңы техникалык жабдыктар орнотулган.