Мектептерде кышкы каникул 31-декабрдан 11-январга чейин уланат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-2-класстар үчүн кошумча эс алуу мөөнөтү каралган.
Кошумча каникулдардын графигин аба ырайына жана эпидемиологиялык абалга жараша райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктары өз алдынча аныктайт.