Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаңы жылдык салюттардан баш тартууга чакырат.
Министрлик пиротехникалык буюмдардын атмосфералык абага терс таасир тийгизерин белгилейт. Айрыкча кыш мезгилинде температуранын инверсиясы булгоочу заттардын концентрациясын кескин жогорулатат. Ошондой эле салюттар көп көлөмдө тиричилик таштандыларын жаратып, өрт коркунучун күчөтөт.
Министрлик майрамдык маанайды айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен сактоого мүмкүн болгон заманбап альтернативаларды сунуш кылат: жарык инсталляциялар, менчик-иллюминациялар, дрондук шоулар.
Буга байланыштуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга, шаарлардын мэрияларына жана жергиликтүү бийлик органдарына жаңы жылдык салюттарды өткөрбөй, экологияга жооптуу майрам уюштурууну камсыз кылуу сунушталууда.