УТРК аймактардан келген кызматкерлер үчүн 3 күндүк семинар өткөрдү
Новость

УТРК аймактардан келген кабарчылар, оператор-монтажерлерго 3 күндүк семинар уюштурду. Алар семинарда замандын талабына ылайык жаңы программалар менен иштөөнү, ыкчам монтаждоо, мобилография, анимация түзүү жана дрон менен иштөө боюнча кеңири тажрыйба алышты. Анын жыйынтыгында аймактардан келген кызматкерлерге сертификаттар тапшырылды.

УТРК Нарын телеканалынын кабарчысы Нооруз Абылаев окутууну жогору баалап, мындай семинарлар региондогу медиа адистер үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.

“Бул 3 күндүк семинар биз үчүн чоң жылыш болду. Алган билимдерибизди кайра аймактагы кесиптештер менен бөлүшөбүз. Заман талабы — тездик жана жаңылануу. Биз мобилография, анимация жана дрон менен иштөө боюнча жаңыча жана тездик менен монтаждоонун жолун үйрөнө алдык. Ушундай окуулар мындан ары да уюштурулса абдан жакшы болот эле”, — деди ал.

УТРК Ысык-Көл телеканалынын монтажеру Мадина Абакирова да семинар практикалык билимин кеңейткенин айтты.

“Мен монтажер болуп иштейм. Биз үч күн бою мобилография, монтаж жана дрон менен иштөө боюнча окутуудан өттүк. Семинарда жаңы программаларды колдонуу менен ыкчам монтаждоону, операторлукту жана анимациянын негиздерин үйрөндүм”, — деди ал.

УТРК Оштун оператору Кымбатбек Абдисамат уулу заманбап технологиялар менен иштөө ыкмаларын өздөштүрүү аймактык медианын өнүгүшүнө чоң салым кошорун кошумчалады.

“Мобилография, ыкчам монтаж жана анимация боюнча зарыл билимдерди алдык. Азыр программалар бат жаңыланып жаткан учурда анимацияны да жеңил ыкмалар менен өз алдынча жасоону үйрөндүк. Аймактык кесиптештер менен тажрыйма алмашуу да абдан пайдалуу болду”, — деди ал.