Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россия Федерациясына барды
Новость

Бүгүн, 11-декабрда Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Москва шаарына барды.

Министрлер Кабинетинин төрагасы эки күндүк жумуш сапарынын алкагында, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына жана илим жана технологиялар жаатындагы кызматташтык боюнча эл аралык конференцияга катышат.