Кыргызстанда 40 кабаттуу имарат курулабы?
Новость

Биз 40 кабатка чейин имарат курууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Биринчи радионун “Таңкы Кыргызстан” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мурун көп кабаттуу үйлөр 9–10 кабат менен чектелип келген. Бирок бүгүнкү күндө биздин институт 18 кабаттан бийик имараттарды курууга керектүү шарттарды камсыздай алат. Алгач бул шарттар изилденип, андан кийин уруксат берилет.

“Көп кабаттуу үйлөрдү куруудан коркпош керек. Мисалы, Алмата, Ташкент, Душанбе жана Кытайдагы Үрүмчү шаарлары 8–9 балл жер титирөөгө туруштук берет жана ошол себептен бийик имараттар курулган. Ташкентте 50 кабаттуу имарат бар, Үрүмчиде 77 кабаттуу (266 метр бийиктикте), ал эми Душанбе шаарында 35 кабаттуу имарат курулган. Учурда эң бийик 27 кабаттуу имарат аягына чыгып жатат. Биз муну менен гана чектелип калбастан, 35 кабат имарат курууга уруксат бергенбиз. Азыркы тапта курулуш иштери жүрүп жатат. 40 кабаттуу имарат куруунун нормалары чыгып, уруксат берүү иштери жүрүп жатат. Демек, Кыргызстанда 40 кабатка чейин имарат курууга бардык шарттар түзүлгөн.