Кыргыз көк бөрүчүлөрү Афганистандагы эл аралык ат оюндарында катышууда
Новость

Кыргызстандын көк бөрү боюнча белгилүү спортчулары — Манас Ниязов, Өмүрбек Эсен уулу, Рустам Тыналиев, Кубаныч Султан уулу, Дастан Русланов, Исхак Бекболот уулу, Аскат Аскаров жана Баяман Муралим уулу учурда Афганистан мамлекетинде өтүп жаткан ат оюндарында катышып жатышат. Бул тууралуу активист Атай Бейшенбек билдирди.

"Көк Бөрүчүлөр Манас Ниязов, Өмүрбек Эсен уулу, Рустам Тыналиев, Кубаныч Султан уулу, Дастан Русланов, Исхак Бекболот уулу, Аскат Аскаров, Баяман Муралим уулу  учурда Афганистанда.

Спортчуларыбыздын ат оюндарында катышуусу жөн гана мелдеш эмес, Кыргызстан тандаган диалог, маданий байланыш жана тынчтык жолу менен кызматташуу саясатынын айкын көрүнүшү. Президент Садыр Жапаров эл аралык аянтчаларда Афганистанды изоляцияга салуу эмес, диалог жана гуманитардык кызматташтык аркылуу аймактык туруктуулукка жетишүү керектигин дайыма баса белгилеп келет.

Кыргыз спортчуларынын Афганистанга барып, элдик оюндар аркылуу көпүрө түзүп жатканы дал ушул саясаттын иш жүзүндөгү уландысы.

Борбор Азияда ишеним, өз ара урмат жана тынчтык бекемделсин!",- деп билдирди ал.