Президент Садыр Жапаров окуучулардын каникулун узартуу демилгесин колдоду. Бул чечим балдардын саламаттыгын сактоо, коопсуздугун камсыз кылуу жана билим берүү процессин оптималдаштыруу максатында кабыл алынганы белгиленди. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга каникулду уюштуруу маселесин мыйзамдын чегинде карап чыгып, билим берүү мекемелери үчүн зарыл шарттарды түзүүнү тапшырды. Ошондой эле ата-энелердин жана мугалимдердин пикирлерин эске алуу маанилүү экени айтылды.
Президент билим берүү тармагында кабыл алынган ар бир чечим балдардын кызыкчылыгына багытталышы керектигин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, бардык мектептер үчүн расмий түрдө кышкы каникулдар 31-декабрдан 11-январга чейин деп белгиленген.
Бирок Билим берүү министрлигинин окуу планына ылайык, биринчи класстын окуучулары үчүн кышкы каникулдарын 24-декабрдан 18-январга чейин узартат. Демек алардын эс алуусу дээрлик бир айга созулат.