Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Президенттик балатыга аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, алыскы аймактардан келген, спорттук жетишкендиктери бар жана мыкты окуган балдар чакырылат.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана өзгөчө активдүү балдар да катышат. Мурда бул майрамга көбүнчө чиновниктердин жана тааныштардын балдары катышчу.
Президент бул көрүнүштү байкап, эки жылдан бери катышуучулардын тизмесин адилеттүү түзүүнү көзөмөлдөөнү тапшырган.