“Түндүк” тиркемеси мобилдик тиркемелер жаңыланып жаткандан улам иштебей калат. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Биринчи радионун “Таңкы Кыргызстан” уктуруусунда “Түндүк” ААК башкармалыгынын төрагасы Адилет Жумаева билдирди.
Анын айтымында, акыркы учурларда сервиске жаңы документтер, жаңы справкалар киргизилип жатат
“Бул убактылуу нерсе, тиркемеңизди кайрадан жаңыртып күтүп туруңуздар. Акыркы учурларда байкаганыңыздай сервиске жаңы документтер, жаңы справкалар киргизилип жатат. Ага кошумча мамлекеттик документтер жаңыланган учурда дагы иштебей калуусу мүмкүн”,-деп билдирди Адилет Жумаева.