Бүгүн, 16-декабрда Биринчи радионун “Маанилүү маек” уктуруусунда Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу өлкөдө балык чарба субъектилеринин саны жана экспорттук потенциалы тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, балык чарбаларынын ишмердүүлүгүнө көңүл бурулуп, талап-нормалардын аткарылышына басым жасалат.
“Өлкө боюнча 543 балык чарбасы катталган. Анын ичинен 227 балык чарбасы менен тыгыз кызматта иштешип келебиз. Балык чарба субъектилери ушул жылдын тогуз айында 15 миң 705 тонна товардык балык өндүрдү. Ал эми сыртка 270 тонна балык экспорттолгон”,-деди Нурзамат Акпаралы уулу.
Ага кошумча, балык чарбасын өндүрүү үчүн алгач суу обьектилерин текшерүүчү сынактан өтүшү керектигин баса белгилеп кетти.