Пара жыйноо схемасы: ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы кармалды
Новость

ИИМдин Күзөт кызматы башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Күзөт кызматынын башчысы, милициянын полковниги кол алдындагы кызматкерлерден системалуу түрдө пара алган деп шектелүүдө.

Тактап айтканда, ал 2024-жылдан бери Балыкчы шаарындагы күзөт бөлүмүнүн кызматкерлеринен аталган бөлүмдүн башчысы Д.Т.И. жана башка аффилирленген адамдар аркылуу мыйзамсыз акча чогултуп келгендиги аныкталган.

Акча каражаттары милиция кызматкерлеринин жумуш убактысынан тышкары ар кандай объектилерди кайтаруусуна шарт түзүү үчүн төлөм катары системалуу түрдө жыйналган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар ИИМдин башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Тергөө иштери уланууда.