Кыргызстанда мамлекеттик мекемелердин биргелешкен egov.kg расмий сайты ишке кирип, айрым министрликтердин жана мекемелердин сайттарын бирдиктүү платформага өткөрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу 16-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, жаңы портал мамлекет менен жарандардын ортосундагы ачык-айкын өз ара аракеттенүүнү камсыздап, калкка ишенимдүү маалымат берүүгө шарт түзөт.
“Мамлекеттик органдар ачык-айкын жана ачык иштеши керек. Биз калкка актуалдуу жана текшерилген маалыматты жеткирүүгө милдеттүүбүз. Бүгүнкү күндө социалдык тармактар жана ЖМКлар маанилүү ролду ойнойт, бирок маалыматты бурмалоо жана ишенимсиз маалыматтарды таратуу учурлары көп кездешет. Бул шарттарда калк менен өз ара аракеттенүүнүн негизги куралы мамлекеттик органдардын расмий веб-сайттары болушу керек”,–деди Касымалиев.
Порталда бардык министрликтердин расмий маалыматы, негизги документтери жана байланыш маалыматтары камтылат. Колдонуучуларга керектүү мамлекеттик кызматтарды, маалыматтарды жана тиешелүү органдардын байланыш маалыматтарын тез табууга мүмкүндүк берери жазылган.