Өлкөдө 500дөн ашык мектеп, 400дөн ашык бала бакча карантинге жабылды
Новость

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. 

Курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоого байланыштуу, 15-декабрга карата Кыргызстандагы 526 мектеп убактылуу онлайн окутууга өтүп, 403 бала бакча карантинге жабылды. 

Өлкөдө болжол менен 2400 мектеп иштеп жатат, анын ичинде 224 жеке менчик мектеп бар.

Өткөн аптада өлкөдө 37 600 курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо расмий түрдө катталды, бул мурунку жумага салыштырмалуу 11,7 пайызга аз.