Президенттик балаты: Окуучудан акча алган бөлүм башчы иштен алынды
Новость

Ысык-Көл облусунун Тоң райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.К. Кыдырова Жаңы жылдык балатыга бара турган бир окуучудан 1600 сом чогултуп алганы маалым болду. Бул тууралуу окуучунун атасы социалдык тармактагы Facebook баракчасына жазган.

Маалыматка ылайык, аталган аракет Агартуу министрлиги жана облустук жетекчилик менен макулдашылган эмес.

Бул факт боюнча териштирүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында чогултулган каражат балага толугу менен кайтарылып берилген. 

Ал эми Тоң райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы туура эмес кадамга баргандыгы үчүн өз арызын жазып, иштен четтетилди.

Ошондой эле публикациянын автору менен байланыш түзүлүп, ага расмий түшүндүрмө берилген.