Бүгүн 87 депутат ант берип, ишин баштайт
Новость

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары ант беришет. БШК депутаттарга күбөлүк жана төш белгилерди тапшырат.

Боршайком 12-декабрда 29 көп мандаттуу округдан 87 шайланган депутаттарды каттоо жөнүндө токтом кабыл алган. Анын 58и эркек, 29у аял.

БШК VIII чакырылыштагы Жогорку Кеңеште “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөндөй, гендердик квота сакталгандыгын билдириген.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 589 жаран талапкер болуп көрсөтүлүп, 63 жаран арызын кайтарып алган. 

Ал эми 56 жаранга каттоодон өтүүгө баш тартуу чечими кабыл алынып, 10 талапкердин каттоосу жокко чыгарылды.