Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары ант берип башташты. Ошондой эле БШК депутаттарга күбөлүк жана төш белгилерин тапшырууда.
Жогорку Кеңеште өткөн өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү иш-чарасына президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү дагы катышууда.
Ант бергенден кийин депутаттар регламент, комитеттердин курамын бекитип, спикерди жана анын орун басарын шайлашат.
Белгилей кетсек, Боршайком 12-декабрда 29 көп мандаттуу округдан 87 шайланган депутаттарды каттоо жөнүндө токтом кабыл алган. Анын 58и эркек, 29у аял.