Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы алгачкы жыйынын өткөрүп, жаңы шайланган депутаттар мандат алгандан кийин ант беришти. Учурда парламенттин төрагасын шайлоо маселеси каралып жатат.
Алардын курамы жана лидерлери:
- “Ата-Журтка” 18 депутат кирди, топтун лидери – Нурланбек Азыгалиев;
- “Ала-Тоо” депутаттык тобу 15 депутаттат турат, лидери – Жанар Акаев;
- “Мекенчилге” 19 депутат кирип, лидери – Кундузбек Сулайманов;
- “Элдик” депутаттык тобу 18 депутаттан турат, лидери – Акылбек Түмөнбаев;
- “Адилет Кыргызстан” депутаттык тобуна 14 депутат кирди, лидери – Нурбек Сыдыгалиев болду.
Ал эми Эрулан Көкүлов, Элвира Сурабалдиева жана Болот Ибрагимов эч бир топко кирген жок.
Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттары ант берип, БШК төрагасынан төш белги менен күбөлүк алышты.