УКМКнын бүгүн, 17-декабрда берген маалыматына ылайык, 11-декабрда пара алуу жана кызматтык жасалмачылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Иш Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү жана 346-беренесинин 1-бөлүгү менен Коргоо министрлигинин айрым кызмат адамдарына карата козголгон.
Маалыматка ылайык, 2024-жылы Улуттук аскер лицейинин бүтүрүүчүсү жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча 108 упай алган. Бул көрсөткүч Аскердик жогорку окуу жайына кабыл алуу үчүн жетишсиз болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген босого упай 110 жана андан жогору деп белгиленген.
Бирок кабыл алууга корутунду документтерди даярдоо учурунда аталган абитуриенттин ЖРТ жыйынтыгы жасалма түрдө 129 упай деп көрсөтүлүп, бул Аскердик жогорку окуу жайына кирүүгө негиз болгон.
Ыкчам-иликтөөнүн жүрүшүндө абитуриенттин апасы Коргоо министрлигинин аскер кызматкери аркылуу министрликтин Кадрлар боюнча башкы башкармалыгынын жооптуу кызматкери – майору менен уулун окуу жайга киргизүү боюнча макулдашканы аныкталган. Көрсөтүлгөн кызмат үчүн 3500 доллар алынган. Мындан тышкары, Коргоо министрлигинин аскер кызматкерине кошумча 40 миң сом берилген.
Ошондой эле РСК банк терминалы аркылуу Кадрлар боюнча башкы башкармалыктын жооптуу кызматкери, майордун жеке эсебине 45 миң сом которулган. Жалпы алынган сумма 4500 долларды түзгөн.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясынын чечими менен шектүү майор эки айлык мөөнөткө №1 тергөө абагына камакка алынды.
Учурда УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларын улантууда.