Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басарлары белгилүү болду
Новость

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттары ант берип, БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаровдон төш белги менен күбөлүк алышты.

Жаңы депутаттар регламент, комитеттердин курамын бекитип, Жогорку Кеңештин төрагалыгына Нурланбек Тургунбек уулун коюшту.
Андан соң, төраганын орун басарларына Чыңгыз Ажыбаев (биринчи вице-спикер), Жылдыз Таалайбек кызы жана Карим Ханжеза болуп шайланышты.