Формалдуу экономика Кыргызстанга пайда алып келеби?
Новость

Формалдуу экономика расмий, салык төлөнгөн, мыйзамдуу бизнес. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Биринчи радионун “Кыргызстан уңгужолунда” уктуруусунда экономист Насирдин Шамшиев билдирди.

Анын айтымында мамлекетибиз формалдуу эмес экономикадан, формалдуу экономикага өтүүдө.

“Формалдуу экономика деген түшүнүк экономиканын укук чегинде, расмий каттоодон өткөн жана мамлекет тарабынан салык төлөп, мыйзамдуу жүргүзүлгөн бөлүгү экенин түшүндүрөт. 

Экөөнүн айырмасын айта кетсек, формалдуу экономика расмий, салык төлөнгөн, мыйзамдуу бизнес. Ал эми формалдуу эмес экономика катталбаган, салыксыз, мыйзам чегинен тышкары иштеген сектор”, -деди Насирдин Шамшиев.

Айта кетсек, азыркы учурда бир кыйла салык саясаты жеңилдеп, санариптештирүүгө өтүп жаткан кези десек болот. Формалдуу экономикадан ишкерлер, кардарлар, бизнесмендер баягыдай кезек күтүп турбастан, онлайн үйүндө эле уюлдук телефондору менен иш-кагаздарын бүтүрсө болот.