Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин алгачкы жыйынында спикер Нурланбек Шакиев жумушка негизсиз келбеген депутаттардын маянасы кыскартыла турганын айтты.
“Дүйшөмбү, Шейшемби күндөрү комитеттик, Шаршемби, Бейшемби күндөрү пленардык жыйын болот. Чогуштарга активдүү катышыңыздар. Тартип катуу болот! Келбеген депутаттарды биз маянасынан кыркып, коомчулукка жарыялайбыз”,-деди Нурланбек Шакиев