Социалдык кызматкерлердин айлыгы 50 пайызга көбөйтүлөт
Новость

2026-жылы Кыргызстанда айлык акылар 50 пайызга чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев УТРКга берген маегинде билдирди.

«Эмки 2026-жылга чоң пландарды койдук. Айлык акылар эки этап менен көбөйтүлөт. Биринчи апрелден баштап мугалим, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин жана тейлөө кызматкерлеринин айлыгын 50 пайыздан кем эмес көтөрөбүз. Экинчи этабында 1-сентябрдан баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгын 50 пайызга чейин көбөйтөбүз», -деп белгиледи Касымалиев.