МинКаб: Кышында жарык өчүрүүлөр болбойт
Новость

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев УТРКга берген маегинде өлкөдөгү энергетикалык абал, тартыштыкты жоюу жана жаңы долбоорлор тууралуу маанилүү маалыматтар менен бөлүштү.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда электр энергиясына болгон муктаждык өндүрүштөн ашып кеткен, башкача айтканда жылдык керектөө 18,9 млрд кВт саатты түзөт.

“ Бүгүнкү күндө Түркмения, Өзбекстан, Казакстан жана Россиядан электр энергиясын алып жатабыз. Мен ойлоп жатам биз кыш мезгилинен жакшы чыгып кетебиз. Жарык өчүрүүлөр болбойт”,-деди Адылбек Касымалиев.