Президент СадырЖапаров бүгүн, 20-декабрда, Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токиошаарында өлкөнүн Премьер-министри Санаэ Такаити менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү, өз ара сооданы жана инвестицияны көбөйтүү, туруктуу жана "жашыл" энергетика тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле спорт жана туризм тармагында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелери талкууланды.
Япониянын Премьер-министри Санаэ Такаити Кыргызстандын Президентинин сапарын колдоп, эки жактын ортосундагы ар тараптууөз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ал сапардын жүрүшүндө кол коюлган документтерди, анын ичинде кош салык салууну жоюу боюнча келишимди жана JICAлиниясы боюнча бир катар документтерди жогору баалады.
Санаэ Такаити мыйзам үстөмдүгүн урматтоого, эркиндикти камсыздоого жанатуруктуу кызматташтыкты чыңдоого негизделген ар тараптуу өнөктөштүктү ырааттууөнүктүрүүгө даяр экенин белгиледи.