Бүгүн, 22-декабрь күнү Чүй облусунун Сокулук районунда алдын ала маалымат боюнча, Төрт-Көл айылында бала бакчадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 08:38де Сокулук райондук №23 ӨКБдан 2 бөлүм, 09:30да Сокулук райондук №7 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм тартылган.
Жеринде КР ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник Ч. Боскунчиевдин жетекчилигинде ыкчам топ тартылган. Окуя болгон жерден жалпы 30 адам эвакуацияланган.
Тилсиз жоо саат 09:53тө чектөөгө алынды, өрттүн аянты болжол менен 550 чарчы метрди түзөт.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери уланууда.