Салык кызматы алдамчылардан сак болууну эскертет
Новость

Мамлекеттик салык кызматы алдамчылык фактыларынын көбөйгөндүгү тууралуу билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, белгисиз адамдар Салык кызматынын жетекчилигинин жана кызматкерлеринин атынан мессенджерлер аркылуу билдирүүлөрдү жөнөтүп, акча каражаттарын которууну талап кылууда.

Салык кызматы мессенджерлер же социалдык тармактар аркылуу акча которууну, ошондой эле салыкты ушундай жол менен төлөөнү талап кылбай тургандыгын эскертет.

«Келип түшкөн маалыматтарды текшерүүнү, ал эми анык эмес билдирүүлөр же алдамчылык аракеттери болгон учурда укук коргоо органдарына кайрылууну суранабыз», — деп айтылат маалыматта.